Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы кесиптик майрамга даярданууда!

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы кесиптик майрамга даярданууда!

2026-жылдын 9-апрелинде өткөн Адвокаттар кеңешинин жыйынынын (№10 протокол) чечимине ылайык, адвокаттардын ортосундагы биримдикти чыңдоо максатында бир катар иш-чаралар пландалды.

- Уюштуруу комитети түзүлдү, анын курамына Адвокаттар кеңешинин, Этика боюнча комиссиянын, Текшерүү комиссиясынын жана Аймактык адвокатуралардын өкүлдөрү кирди.

- Спорттук иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулууда:
Аймактык адвокатураларга командаларды түзүү, даярдык иштерин уюштуруу жана үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрүү тапшырылды.

Мелдештердин түрлөрү:
• Волейбол (айымдар командалары)
• Футбол (мырзалар командалары)
• Шахмат турнири

! Маанилүү: турнирге адвокаттар гана катышат. Адвокаттардын жардамчыларынын катышуусуна жол берилбейт.

*Спорттук турнирди уюштуруу Ысык-Көл облусунун Аймактык адвокатурасына жүктөлдү. Адвокаттар кеңешинин тарабынан куратор болуп ААК мүчөсү Т. С. Султанов дайындалды.

*Турнирдин жыйынтыгы боюнча, мыкты оюнчулардан куралган Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын командасы 2026-жылдын 11–13-сентябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтө турган эл аралык турнирге катышат.

#КыргызРеспубликасынынАдвокатурасы #АдвокатураКүнү #Адвокаттар #КесиптикБиримдик #СпортЖанаБиримдик