- English
- Кыргызча
- Русский
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы интернетте алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет.
Урматтуу жарандар, кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы интернетте алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет.
Алдамчылар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын атын жана логотибин колдонуп, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы брокерлерден карызды өндүрүүгө жана башка юридикалык жардам көрсөтүүгө жардам берет деген жалган жарнакты таратып жатышат.
Кара ниет адамдар, өздөрүн Адвокатуранын кызматкери катары көрсөтүп, жалган интернет баракчаларын ачып, Адвокатуранын логотиптерин колдонуп, жасалма интеллекттин жардамы менен ар кандай видеолорду жана сүрөттөрду жасап жатышат.
Буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып, алдамчылыктын бул түрү менен күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле жакынкы арада Facebook жана Instagram тармактарында верификация жургүзүлүп, “көк белги” алынаарын билдиребиз. Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы аталыштагы бардык башка баракчалар жабылат жана мындай баракчаларды ачуу мүмкүн болбой калат.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын
Адвокаттар кеңеши