Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, интернет жана телефон аркылуу алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет.

Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, интернет жана телефон аркылуу алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет.
Кара ниет адамдар, брокерлерден карыздарды өндүрүп алуу жана башка юридикалык жардамдарды көрсөтүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын атын жана логотиптерин колдонуп, жалган жарнамаларды таратып жатышат.
Алдамчылар, Адвокатуранын кызматкерлери катары алмаштырылуучу номерлерди же мессенджерлерди колдонушат.
Сергек болгула: жеке маалыматтарды (сырсөздөр, карта номерлери жана смс коддору) бөлүшпөгүлө, экранды бөлүшүүнү күйгүзбөгүлө, текшерилбеген шилтемелерди баспагыла.
Эгерде күмөн санасаңыз, ар дайым расмий байланыш каналдары аркылуу маалыматты текшериңиз.
Эсиңизде болсун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы түздөн-түз, кандайдыр бир карыздарды брокерлерден жана башкалардан өндүрбөйт жана башка юридикалык жардамдарды көрсөтпөйт!