Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы адвокаттарды маалымдайт

Изображение: 

2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүнчү окууда юридикалык өкүлчүлүк жөнүндө Мыйзамды кабыл алган. Аталган мыйзам менен бир катар процесстик мыйзамдарга, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Кабыл алынган мыйзам менен биринчи жолу юридикалык өкүлдөрдүн ишмердүүлүгү мыйзам деңгээлинде жөнгө салынып, алардын кесиптик даярдыгына коюлуучу талаптар, кесипке кирүү тартиби, Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзүү жана кесиптик жоопкерчилик маселелери аныкталды.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына бир катар жаңы ыйгарым укуктар жүктөлдү. Тактап айтканда, Адвокатура юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзөт, алардын кесиптик даярдыгын уюштурат, кесиптик жүрүм-турум стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет, алардын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелерин жөнгө салат, ошондой эле мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде тартиптик өндүрүш маселелерин карайт.

Адвокаттардын көңүлүн төмөнкү жагдайга бурабыз: кабыл алынган мыйзам адвокаттын укуктук статусун өзгөртпөйт жана адвокатуранын мыйзам менен кепилденген кесиптик укуктарын чектебейт.

Мурдагыдай эле:

  • адвокаттык иш лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат;
  • адвокаттын ыйгарым укуктары мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген ордер менен ырасталат;
  • кылмыш иштери боюнча коргоону жүзөгө ашыруу адвокаттардын өзгөчө ыйгарым укугу бойдон калат;
  • адвокаттардын көз карандысыздыгынын жана кесиптик ишинин мыйзамда каралган бардык кепилдиктери сакталат.

Ошол эле учурда жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча мыйзамдын талаптарына жооп берген жана Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген юридикалык өкүлдөр да өкүлчүлүк кыла алышат.

Мыйзам өткөөл мезгилди да карайт. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы мыйзам күчүнө киргенден кийин белгиленген мөөнөттөрдө Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин, окутуу жана сертификаттоо механизмин, ошондой эле мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алышы керек.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы мыйзам менен жүктөлгөн жаңы ыйгарым укуктарды ишке ашырууга киришет жана жаңы мыйзамдарды колдонуу тартиби, ички документтерди кабыл алуу жана Адвокатуранын органдарынын чечимдери жөнүндө адвокаттарды өз убагында маалымдап турат.

Жаңы мыйзамдарды колдонууга байланышкан бардык расмий түшүндүрмөлөр Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын расмий сайтында жана маалыматтык ресурстарында жарыяланат.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы