Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнүнө карата адвокаттарга сыйлыктар тапшырылды
Primary tabs
2025-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнүнө карата уюштурулган спорттук иш-чаралар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын алкагында гала-кече уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши тарабынан адвокаттык кесиптин өнүгүшүнө жана коомдогу укуктук маданияттын жогорулоосуна кошкон салымы үчүн бир катар адвокаттар сыйлыктар менен сыйланышты.
Төмөнкү сыйлыктар тапшырылды:
-Грамота
-Ардак грамота
-Диплом
-II даражадагы медаль
-I даражадагы медаль
Бул сыйлыктар — адвокаттардын ишмердүүлүгүн баалоо жана кесиптик ишинде дем берүү максатында ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши мындан ары да укуктук коомду курууда өзүнүн жоопкерчиликтүү милдетин аткарып, адвокаттык коомчулукту колдоо багытындагы иштерин уланта берет.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.