Курман айт маарек болсун!

Урматтуу адвокаттар!

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайт!

 

Бул касиеттүү күн ырайымдуулукту, биримдикти жана кечиримдүүлүктү даңазалайт. Ал адамдардын жүрөгүнө үмүт тартуулап, жакшылыкка шыктандырып, руханий жаңыланууга жол ачат.

 

Ушул ыйык майрамда сиздерге жана жакындарыңыздарга тынчтык, бакубат жашоо, ден соолук, ийгилик жана түгөнгүс жакшылыктарды каалайбыз.

 

Кесиптик жолуңуздар ар дайым адилеттүүлүк, жоопкерчилик жана элге берилген кызматыңыздар менен жаркырап турсун!

 

Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.