КУЛАКТАНДЫРУУ
Primary tabs

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жарандарды маанилүү эл аралык онлайн-сурамжылоого катышууга чакырат.
«Көз карандысыз Мамлекеттик Шериктештиктеги ден соолук жана адам укуктары жумалыгы» алкагында КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясы «Шериктештиктин үнү: ден соолук, укук, бакубаттуулук» аттуу сурамжылоону жүргүзүүдө.
Сурамжылоонун максаттары:
• Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү тууралуу маалыматтарды топтоо
• Жарандардын саламаттык сактоо тармагындагы укуктары боюнча маалымдуулугун аныктоо
• Укуктарды коргоо механизмдеринин натыйжалуулугуна баа берүү
Катышуу шарттары:
• Анонимдүү
• Ыктыярдуу, каттоосуз
• КМШ өлкөлөрүнүн бардык жарандары үчүн ачык
Сурамжылоонун жыйынтыгы медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга жана жарандардын укуктук корголушун чыңдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт.
Сурамжылоого катышуу:
https://eccis.org/survey/poll-vote?code=kpch_golos_sng
Аймактык Адвокатуралардын төрагаларынын назарына: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы бул маанилүү демилгени колдоону жана сурамжылоону аймактарда уюштурууну өтүнөт. Маалыматты адвокаттар арасында жана коомчулукка кеңири жайылтуу зарыл.
Сиздердин активдүүлүгүңүздөр жарандардын укуктук корголушун чыңдоого жана медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга салым кошот. Ар бир аймактын үнү маанилүү!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
______________
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Дареги: Бишкек ш., Ж. Бөкөнбаев көч., 204, 6-кабат
Тел.: +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77 E-mail: info@advokatura.kg
