Кулактандыруу

Изображение: 
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешине Россия Федерациясынын адвокаттар палатасынан эл аралык эссе конкурсуна катышуу үчүн чакыруу келди.
Конкурстун темасы: «Адвокаттын ишмердүүлүгүндөгү кесиптик тобокелдиктер» (Профессиональные риски в деятельности адвоката). 
Катышуу шарттары:
Конкурска КМШ өлкөлөрүнүн адвокаттык коомдоштуктарынын мүчөсү болгон жаш адвокаттар катыша алышат.
Катышуучулардын жашы 40 жаштан ашпоого тийиш.
Адвокаттардын стажёрлору, жардамчылары жана адвокаттык макамы убактылуу токтотулган адамдар катышууга жол берилбейт.
Конкурстун этаптары:
1. Тандоо этабы (аралыктан, жазуу түрүндө): Иштерди кабыл алуу 2026-жылдын 11-мартынан 8-майына чейин жүргүзүлөт. Катышуучулар өз иштерин тиешелүү мамлекеттик адвокаттык өзүн-өзү башкаруу органына жөнөтүшү керек.
2. Финалдык этап (бетме-бет, оозеки): Жазуу түрүндөгү этаптын финалисттери 2026-жылдын 8-9-июль күндөрү Россиянын Кострома шаарында өтө турган Жаш адвокаттардын VI Конгрессине чакырылат.
Маанилүү маалымат:
Финалдык этапка катышуу үчүн жол кире жана жатакана чыгымдары катышуучулар тарабынан өз алдынча төлөнөт.
Кызыкдар болгон адвокаттарды бул эл аралык иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз! 
 
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
______
-Кошумча маалымат алуу үчүн:
-Дареги: Бишкек ш., Ж. Бөкөнбаев көч., 204, 6-кабат
- Тел.: +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77