Күбөлүк боюнча маалымат.

Урматтуу адвокаттар, 
 
Бул маселени актуалдаштыруудан улам, Кыргыз Республикасынын адвокатынын күбөлүгү жөнүндө Жобого ылайык укуктук абал жана канааттануу менен байланышкан маселелер жөнүндө маалымдайбыз. 
Бул Жобо " адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын адвокатынын күбөлүгүн берүүнүн, жол-жоболоштуруунун, алмаштыруунун жана алып коюунун тартибин жөнгө салат. 
Жалпы жоболордун 1.2  бөлүгүнө ылайык,  Күбөлүк Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын менчиги болуп саналат жана мүчөлүк төгүмдөрдүн төлөнүшүнө жараша 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.
Адвокаттын күбөлүгүн каттоо, кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо, чыгымдоо жана жок кылуу тартиби 
4.1. Адвокаттын күбөлүгү машинкага басылган текст менен толтурулат, өзгөчө учурларда - тыкан, түшүнүктүү колжазма менен кызгылт көк же кара сыя менен, оңдоолорсуз жана булгоосуз, ал эми аларга жол берилген учурларда күбөлүк ушул Жободо каралган тартипте жок кылынат.
Өзгөчө учурларга төмөнкүлөр кирет: жабдуулардын жоктугу же иштебей калышы жана идентификацияны машинкага басылган текст менен толтурууга тоскоол болушу мүмкүн болгон башка күтүлбөгөн жагдайлар.
4.2. Ушул Жобого ылайык алынган адвокаттын күбөлүгү 6 (алты) ай сакталат, андан кийин ушул Жободо каралган тартипте жок кылынат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын биргелешкен ишинин алкагында адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды системалаштыруу, актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча, "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 14-июль 2014-жылдын 135-Ж. жана Кыргыз Республикасынын башка жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана Юстиция министрлигинин Адвокаттардын мамлекеттик реестрин инвентаризациялоо жүргүзүнүн жыйынтыгында, көзү өткөн кеситештердин лицензиялары дагы токтолулган, анын  катарныда   адвокаттар лицензиясынан ажыратылды жана   бир каттар адвокаттардын  лицензиясы токтотулган.
Юстиция Министрлигинин Адвокаттардын мамлекеттик реестрине ылайык Райымкулов Билим Садалбекович №2323 26.06.2008-жылы алган лицензиясы, 31-октябрь 2023-жылдын 3362/4к мамлекеттик аттестациялык комиссиянын 13-сентябрь 1998-жылдагы Б.С. Райымкуловго "укук таануу" адистиги боюнча "юрист" квалификациясын ыйгаруу жөнүндө диплому кайра чакыртып алынды байланыштуу, лицензиясы  жокко чыгарылган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде кожомова Гульниса Кожомовна жана Райымкулов билим Садалбекович күбөлүктөрү берилген Кыргыз Республикасынын бардык иштеп жаткан адвокаттары үч айдын ичинде күбөлүктөрдү толук алмаштырууга милдеттүү экендигин билдиребиз. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин адвокаттар Кеңеши бул күбөлүктөрдү жокко чыгаруу маселесин карап чыгып, тиешелүү каттарды мамлекеттик органдарга жөнөтөт. 
 
 
Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы