КМШ өлкөлөрүнүн адвокаттарынын эл аралык илимий-практикалык конференциясы башталды
Primary tabs
2025-жылдын 9-июнь күнү Бишкекте Адвокатуранын жана адвокаттык ишмердүүлүктүн өнүгүүсүндөгү азыркы чакырыктар жана тенденциялар: КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы» темасында Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы , Эл аралык адвокаттар союзу жана Россия Федерациясынын Федералдык адвокаттар палатасы тарабынан уюштурулууда.
Конференциянын максаты — Кыргызстандын адвокатурасынын институционалдык өнүгүшүнө көмөктөшүү жана адвокаттардын Эл аралык Союзунун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу жана тажрыйба алмашуу аянтчасы катары бекемдөө.
Конференциянын миссиясы — калыс сот адилеттүүлүгүнүн идеяларын жайылтуу, тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу принциптерин колдоо, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө юридикалык илимди өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо.
Конференциянын алкагында пленардык жыйындар, адистердин докладдары жана төмөнкү негизги темалар боюнча талкуулар өткөрүлөт:
-Кыргызстандын адвокатурасындагы реформалар;
-Юридикалык инновациялар жана жаңы практикалар;
-Өзбекстандагы e-advokat.uz платформасы;
-Юридикалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдерди стандартташтыруу;
-Медиация жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо;
-Кыргыз Республикасында адвокаттарды кесиптик даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу тажрыйбасы ж.б.
Конференцияга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден алдыңкы юристтер, адвокаттар жана адвокаттык бирикмелердин өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын жыйынтыгында мыйзам базасын өркүндөтүү, кесиптик ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча сунуштар камтылган резолюция кабыл алынат.
Бул конференция — жаңы чакырыктар шартында адвокаттык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө, билим жана тажрыйба алмашууга өбөлгө болуучу маанилүү аянтча болуп калат.