Эл аралык КМШ өлкөлөрүнүн адвокаттарынын конференция алкагындагы жолугушуулары уланууда
Primary tabs
Бишкек, 2025-жыл, 10-июнь
9-июнда башталган КМШ өлкөлөрүнүн адвокаттарынын эл аралык илимий-практикалык конференциясынын экинчи бөлүгү 10-июнда болуп өттү.
Программанын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна барышып, ал жерде Соттун Төрагасы Эмил Жолдошевич Өскөнбаев жана судья Айдарбекова Чинара Аскарбековна менен расмий жолугушуу болуп өттү. Делегация Конституциялык соттун ишмердүүлүгү менен таанышып, анын иши тууралуу толук маалымат алды.
Андан кийин катышуучулар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Юридикалык академияга барышты. Иш сапардын жүрүшүндө алар академиянын инфраструктурасы менен таанышып, окуу шарттары заманбап билим берүү стандарттарына жооп берерин белгилешти. Академиянын өкүлдөрү ошондой эле мекеменин илимий, окуу жана практикалык базасы тууралуу айтып беришти.
Мындай иш-чаралардын эл аралык форматта өткөрүлүшү КМШ өлкөлөрүнүн адвокаттык коомчулугунун ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кесиптик кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзүп, улуттук укуктук системаларды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.
Конференция Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Эл аралык адвокаттар союзу жана Россия Федерациясынын Федералдык адвокаттар палатасы тарабынан уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.