Кыргызча
Русский
Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!
Primary tabs
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын 34-жылдык Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул күн — өлкөбүздүн эркиндигин, укуктук маданиятын жана улуттук биримдигин белгилеген өзгөчө майрам. Адвокат катары сиздердин кесиптик милдетиңиздер — адилеттикти камсыздоо, жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзамдуулукту сактоого салым кошуу — коомдогу тынчтык жана туруктуулуктун негизи болуп саналат.
Сиздерге бекем ден соолук, кесиптик ийгилик, жогорку денгээлдеги чеберчилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Мындан ары да өлкөбүздүн укуктук чөйрөсүнүн өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп, ар бир жаран үчүн адилеттикти камсыздоодо талыкпай кызмат кылууңууздарга тилектешпиз.
Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.