БИШКЕК ШААРЫНЫН АДВОКАТТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУ ӨТӨТ

Изображение: 

2026-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын «Бишкек шаарынын Адвокатурасы» филиалынын адвокаттарынын жалпы отчеттук-шайлоо чогулушу өткөрүлөт.

Өткөрүлүүчү жери: Кыргыз-Россия Славян университети, Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б. Н. Ельцин атындагы
Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 44

Адвокаттарды каттоо: 09:00–10:00
Чогулуштун башталышы: 10:00

Жалпы чогулуштун күн тартибинде:

1. аймактык адвокатуранын башкармалыгынын төрагасын, төраганын орун басарын жана башкармалыктын мүчөлөрүн, ошондой эле резервди шайлоо;

2. аймактык адвокатуранын башкармалыгынын төрагасын Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешине сунуштоо;

3. аймактык адвокатуранын башкармалыгынын отчетун угуу жана бекитүү;

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставында, Типтүү жободо жана аймактык адвокатура жөнүндө жободо белгиленген жалпы чогулуштун компетенциясына кирген маселелерди кароо;

5. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Съездине делегаттарды шайлоо.

Күнү: 12-декабрь 2026-жыл
Убактысы: 10:00

Телефондор: +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77
E-mail: info@advokatura.kg
Сайт: www.advokatura.kg

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы