Адвокатура-бул жарандык коомдун эң маанилүү институту, ар бир жарандын укуктары менен эркиндиктеринин таянычы
Primary tabs
Адвокатура-бул жарандык коомдун эң маанилүү институту, ар бир жарандын укуктары менен эркиндиктеринин таянычы.
Биздин милдет-укуктарды коргоо, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу жана иштерди адилеттүү кароого көмөктөшүү.
Көз карандысыз, күчтүү жана кесипкөй адвокатурасыз укуктук мамлекет куруу мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасында Адвокатуранын ишин өркүндөтүү боюнча олуттуу кадамдар жасалууда жана жаны макстаттар коюулуда, анын ичинде:
Адвокатуранын көз карандысыздыгын бекемдөө, институционалдык туруктуулукка жетишүү;
Адвокаттын кесиптик статусун жогорулатуу, кесиптик этиканын ченемдерин сактоого, ченемдик-укуктук жана институттук негиздерди чыңдоо.
Адвокаттардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жаңы билим берүү программаларын жана тренингдерди киргизүү.
Адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алууга талапкерлерди окутуу.
Адвокаттык сырды сактоо жана адвокаттардын укуктарын коргоо кепилдиктери. Купуялуулук принцибин күчөтүү.
Адвокаттардын ишине негизсиз кийлигишүүдөн коргоо механизмдерин иштеп чыгуу.
Укуктук жардамга жетүүнү кеңейтүү:
- Калктын социалдык аялуу катмары үчүн акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасында адвокаттарды көбөйтүү жана юридикалык жардамды жакшыртуу.
Юридикалык кызматтарды санариптештирүү:
Адвокаттардын соттор жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн электрондук платформаларды киргизүү.
Адвокаттар үчүн жеткиликтүү болгон сот практикасынын жана ченемдик укуктук актылардын онлайн маалымат базаларын түзүү.
Адвокаттык ишти монополиялоо:
Соттогу өкүлдөрдүн чөйрөсүн аныктоо үчүн процесстик мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү.