Адвокаттардын ишин жакшыртуу үчүн сурамжылоо
Primary tabs

2026-жылы «Адилет» укуктук клиникасы» Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын колдоосу менен «Адвокаттык жана укук коргоо ишин жүзөгө ашырууга таасир этүүчү мыйзамдык жана административдик тоскоолдуктарды талдоо боюнча изилдөө» долбоорун ишке ашырууда.
Бул изилдөөнүн максаты — адвокаттар менен укук коргоочулар өз ишмердүүлүгүндө туш болгон практикалык маселелердин жалпыланган жана объективдүү көрүнүшүн калыптандыруу, ошондой эле укуктук жөнгө салууну жана укук колдонуу практикасын андан ары өркүндөтүүгө багытталган аналитикалык корутундуларды жана сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
Долбоордун алкагында адвокаттар онлайн-сурамжылоого катышуусу зарыл. Сурамжылоо өзгөчө изилдөө мүнөзүнө ээ, ал эми алынган жооптор жалпыланган түрдө иштелип чыгат жана аналитикалык максаттарда гана колдонулат.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы адвокаттык коомчулукту бул сурамжылоого активдүү катышууга чакырат. Сиздердин катышууңуздар укуктук жөнгө салууну жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча сапаттуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өтө маанилүү.
Анкетаны толтурууну 2026-жылдын 18-февралына чейин бүтүрүү зарылдыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Анкетанын формасы төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://forms.gle/PWFGLK4jBcWJKp24A
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.
