АДВОКАТТАРДЫ ОКУТУУ БОРБОРУНУН 2025–2027-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Изображение: 

 2025-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттарды окутуу борборунун 2025–2027-жылдарга карата Өнүгүү стратегиясын талкуулоого жана иштеп чыгууга арналган стратегиялык сессия болуп өттү.

 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын органдарынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, ошондой эле Адвокаттарды окутуу борборунун тренерлери жана эксперттери катышышты.

 Сессиянын негизги максаты — Адвокаттарды окутуу борборунун Өнүгүү стратегиясынын долбоорун сунуштоо, анын негизги багыттарын талкуулоо, өнөктөштөрдөн сунуштарды чогултуу жана мындан аркы ишке ашыруунун артыкчылыктарын макулдашуу болду.

 Катышуучулар тематикалык топторго бөлүнүп, «Идеялар карусели» интерактивдүү форматында иштешти — долбоордун күчтүү жактарын аныктап, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

 Талкуунун жыйынтыгында катышуучулардын сунуштары жалпыланып, Стратегиянын акыркы редакциясына киргизүү үчүн макулдашылды.

Бул стратегиялык сессия Адвокаттарды окутуу борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасындагы адвокаттардын кесиптик өнүгүүсүн чыңдоо жолунда маанилүү кадам болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.