Адвокаттар үчүн маалымат!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан, №31 мекемеден катка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан, №31 мекемесинин астындагы кургак-учук ооруканасында, ар багыттагы борбордук ооруканда дарыланып жаткан жана жазасын өтөп жаткан соттолгондорго юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылууда.
 
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин соттолгондорго юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр адвокаттар тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
 
Бардык каалоочу адвокаттарды бул демилгеге катышууга жана соттолгондордун укуктарын камсыздоого өз салымын кошууга чакырабыз!

Топко жазылуу жана кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын аппаратына кайрылыңыздар.

+996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77 
 E-mail: info@advokatura.kg 
Сайт: www.advokatura.kg

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.