- English
- Кыргызча
- Русский
21-сентябрь 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Адвокатурасынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу болуп өттү.
Submitted by АКР-1 on 23.09.2024 - 11:06
21-сентябрь 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Адвокатурасынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу болуп өттү. Чогулуштун уюштуруучу Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши болду жана чогулушка Адвокаттар Кенешинин төрайым Бегилерова Мейил Адилбековна, төрайымдын орун басары- Джаманкулова Асель Анаркановна жана адвокаттар кенешинин мүчөсү – Адигинеев Замирбек Каныбековичтин коштоосунда өттү.
Бул чогулуштун алкагында төмөнкү күн тартиби бекитилген:
I. Аймактык адвокатуранын башкармалыгынын отчётторун бекитүү;
II. Аймактык адвокатуранын төрагасын, анын орун басарын жана башкармалык мүчөлөрүн шайлоо;
III. Мыйзамга жана уставга, адвокаттардын жалпы чогулушунда, аймактык адвокатурасынын жобосун кабыл алуу.
Жалпы чогулушта аймактык адвокатуранын башкармалыгынын мүчөлөрү болуп 5 адвокат шайланды, алар:
1. Тургумбаев Кокон Апишович;
2. Жээнбеков Апазбек Субанович;
3. Абдипаттаев Мирлан Маматибраимович;
4. Маматов Төлөгөн Абдраимович;
5. Наримбаев Изатулла Кочкарбаевич.
Ош облусунун Адвокатурасынын башкармалыгынын төрагасы болуп - Тургумбаев Кокон Апишович, орун басары болуп - Жээнбеков Апазбек Субанович, шайланды.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын
Адвокаттар кеңеши