2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2025-жылдагы сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган Жогорку соттун Пленумунун жыйынын өттү

Изображение: 

Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна катышты.

 

Пленумдун ишине Жогорку соттун судьялары жана Аппарат кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары (видеоконференц байланыш аркылуу) катышты. Мындан тышкары жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин өкүлдөрү катышышты.

Күн тартибиндеги негизги маселе Жогорку соттун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу болду. Отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер тууралуу Жогорку соттун үч соттук коллегиясынын төрагалары баяндама жасашты.

Ошондой эле өткөн жылдагы Пленумдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат менен Пленумдун катчысы, Жогорку соттун судьясы Турсунгүл Чаргынова да сөз сүйлөдү.

Мындан тышкары Пленумдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы, Жогорку соттун судьясы Аида Сейдакматованын маалыматын угушту.

 

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун кылмыш-жаза, жарандык жана экономикалык, ошондой эле административдик иштер боюнча соттук коллегияларынын акыркы мезгилдеги ишмердүүлүгү талкууланып, бир катар маанилүү токтомдор кабыл алынды.

 

Кабыл алынган токтомдордун негизги багыттары:

-Бирдиктүү соттук практика: Соттук коллегияларга мыйзам ченемдерин туура жана бирдей колдонууну камсыз кылуу милдети коюлду.

-Санариптик чечимдер: Сот отурумдарын аудио-видео жазууну милдеттүү түрдө жүргүзүү жана аралыктан катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселеси каралды.

-Сапаттуу кароо: Жарандардын жана юридикалык жактардын арыз-даттанууларын өз убагында жана сапаттуу кароо артыкчылыктуу багыт катары белгиленди.

-Методикалык жардам: Жергиликтүү сотторго практикалык жана методикалык жардам көрсөтүүнү улантуу зарылдыгы айтылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы жыйынтыктарын чыгарууга арналган Жогорку соттун Пленумунун жыйынтыктоочу сөзүндө,

сотторго кайрылган жарандар менен байланышты күчөтүү максатында бир жыл мурда киргизилген QR-код аркылуу кайтарым байланыш механизминин маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Жогорку соттун Төрагасы сот системасы мамлекеттин турмушунда өзгөчө мааниге ээ экенин, коом үчүн ачык болушу керектигин жана жарандардын анонимдүү онлайн сурамжылоосу аркылуу аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүшү зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Пленумга катышуусу - сот адилеттигин ишке ашырууда Адвокатура менен Сот тутумунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү  камсыздоого багытталган.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын