14-июль – Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнүнө карата спорттук иш-чаралар Баткенде өттү
Primary tabs
2025-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү белгиленип, ушул маанилүү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши тарабынан уюштурулган спорттук иш-чара Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — адвокаттар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, кесиптештер ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө болду.
Ошондой эле, Аймактык адвокатураларды колдоо максатында, Баткен облусунда уюштурулган иш-чаралар аймактагы адвокаттардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана региондордогу укуктук маданиятты өнүктүрүүгө багытталган.
Мелдештер төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлдү:
-Эркектер арасында мини-футбол;
-Кыз-келиндер арасында волейбол;
-Жалпы катышуучулар арасында шахмат мелдеши.
Бул иш-чарага 9 аймактык Адвокатурадан келген адвокаттар активдүү катышып, мелдештер жогорку деңгээлде, достук маанайда өттү. Командалардын духу, биримдиги жана спортко болгон кызыгуусу иш-чаранын маанисин дагы да арттырды.
Жыйынтыгында өз таймашында мыкты оюн көрсөткөн командалар сыйланышты.
Эркектер арасында мини-футбол боюнча жеңишке жеткен командалар:
1-орун - Чүй аймактык Адвокатурасы;
2-орун - Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын 1-командасы;
3-орун - Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын 2-командасы;
3-орун - Бишкек аймактык Адвокатурасы.
Кыз-келиндер арасында волейбол боюнча жеңишке жеткен командалар:
1-орун Бишкек аймактык Адвокатурасы;
2-орун Ош аймактык Адвокатурасы;
3-орун Жалал-Абад аймактык Адвокатурасы.
Жалпы катышуучулар арасында шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:
1-орунду Ысык-Көл аймактык Адвокатурсынын адвокаты Молдогазиев Асантур Мамбетович ээледи.
2-орунду Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын адвокаты Акбаров Шакирали Айтбаев ээледи.
Бул иш-чара адвокаттык коомчулук ичиндеги биримдикти чыңдап, Адвокатура күнүнө карата маанилүү социалдык иш-чара болду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши спорттук иш-чараларды 2024-жылы уюштурган.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.