1-март — Адвокаттар күнү!
Primary tabs

Бул тарыхый күнгө карата Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан 2026-жылдын 16-февралынан 27-февралына чейин атайын декада жарыяланган.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын 2 шаардык жана 7 аймактык адвокатураларынын мүчөлөрү өлкө аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелерде ачык сабактарды өткөрүштү. Иш-чаралардын негизги максаты — жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, мыйзамды урматтоо сезимин калыптандыруу жана адвокаттык кесиптин коомдогу ордун кеңири түшүндүрүү болду.
Ачык сабактарда окуучуларга адвокаттык кесиптин маңызы, анын тарыхы жана өнүгүү этаптары, мыйзамдуулукту жана адам укуктарын коргоодогу ролу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу, жарандык жоопкерчилик жана келечекте укуктук кесипти тандоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча мазмундуу талкуулар уюштурулду.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулар менен мугалимдердин жигердүү катышуусун жана чоң кызыгуусун жаратты. Декада өз максатына жетип, адвокаттык кесипти жайылтуу, укуктук маданиятты өнүктүрүү жана коом менен адвокатуранын байланышын чыңдоо багытында маанилүү кадам болду.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
