Этика боюнча комиссиясына кантип кайрылса болот

Адвокаттын аракети (аракетсиздиги) колдонуудагы Адвокаттардын кесиптик этика кодексинин нормаларын бузат деп эсептеген ар кандай жаран же уюм (менчиктин түрүнө карабастан) этика боюнча комиссияга кайрылууга укуктуу. Арыз Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын веб-сайтында жайгаштырылган электрондук форманы колдонуу менен берилиши мүмкүн, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын электрондук дарегине “Этика боюнча комиссияга” деген жазуусу бар же кол менен жеткирилиши мүмкүн. Арызда арыз берүүчүнүн толук реквизиттери, баяндалган бузуунун маңызы, комиссияга коюлган талаптар көрсөтүлүүгө тийиш. Арызга керектүү тастыктоочу документтер тиркелүүгө тийиш.