Жарыя

Содержимое: 

Урматтуу адвокаттар,

 

Лицензиялардын токтотулушу боюнча жаңылыктарга байланыштуу бардык адвокаттарга азыркы учурда Адвокаттардын мамлекеттик реестрин жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө адвокаттардын маалымат базасын инвентаризациялоо жүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымдайбыз, анткени адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алып, бирок Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына кире элек адвокаттар бар.

 

Инвентаризациялоо 2024-жылдын 25-июнуна чейин созулат, бул мөөнөттө өзүн тизмеден тапкан адвокаттар Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин катчысы Канаатбекова Айгерим Канаатбековнага (Тел. +996502243577, 35-29-97) саат 09:30дан 17:30га чейин маалыматтарды салыштыруу жана жетишпеген маалыматтарды маалымат базасына киргизүү үчүн кайрылсаңыздар болот.

 

Акыркы тизме 2024-жылдын 25-июнунда түзүлөт жана 2024-жылдын 1-июлунда гана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө катары кире элек адвокаттардын лицензияларын токтотууну кароо жол-жобосу башталат.

 

Урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын 

Адвокаттар кеңеши.