Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана "Смарт Жаран Ассоциациясы" ортосундагы меморандумга кол коюу тууралуу

2024-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана «Смарт Жаран Ассоциациясы» биргелешкен күч-аракеттер менен «Адвокатуранын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо аркылуу Адвокатураны жазык сот адилеттиги системасында көз карандысыз орган катары бекемдөө жолу менен Кыргызстанда укуктун үстөмдүгүн илгерилетүүгө көмөктөшүү» максатын ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу аркылуу максатка жетүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө макулдашышты:

•        Жазык сот адилеттигинин бир бөлүгү болгон көз карандысыз орган катары Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мониторинг жүргүзүү;

•        Мониторингдик отчеттун натыйжалары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

•        Иштелип чыккан рекомендацияларды андан ары ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

 

5 марта 2024 года Адвокатура Кыргызской Республики и ОЮЛ “Ассоциация Смарт Жаран” подписали меморандум о сотрудничестве в достижении совместными усилиями цели: “Содействие в продвижении верховенства права в Кыргызстане, путем укрепления Адвокатуры, как независимого органа в системе уголовного правосудия, через мониторинг и оценку деятельности Адвокатуры”. В рамках данного меморандума стороны договорились предпринимать совместные действия   для достижения цели через реализацию следующих задач:

●       Проведение мониторинга Адвокатуры КР как независимого органа, являющаяся частью уголовного правосудия;

●       Разработка рекомендаций по результатам мониторингового отчета;

●       Оказание содействия в дальнейшей реализации разработанных рекомендаций.