Баткендиктерге адвокаттардын жардамы.

 

Урматтуу кесиптештер!

2021-жылдын 28-30 апрелиндеги Тажикстандын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагына жасаган аскердик агрессиясынын негизинде, Баткен областынын, Лейлек районунун Максат айылындагы жабыркаган жарандарга, Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын адвокаттары тарабынан акчалай каражат, азык-түлүк жана башка керектүү нерселер жардам ирээтинде берилди. Нур Билим Ордосу гимназия мектебинин мугалимдер жамааты да 10 000 (он мин)  сом өлчөмундөгү акча каражатын жардам кылды. Мындан ары дагы Баткендиктерге адвокаттардын жардамы улантыла берет. Урматтуу кесиптештер, элибизге ушундай кыйын кырдаалда жардам көрсөткөн бардык адвокаттарга терең ыраазычылык билдиребиз.