Таластагы иш сапар боюнча кыскача отчет

19.01.2018-жылы Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Кеңешинин Төрагасы Б.С.Райымкулов,төраганын орун басары Ж.Н.Арзыматов, кеңештин мүчөсү Ж.О.Бабаев, Талас облусунун Адвокаттар башкармалыгынын төрайымы Г.Т.Соорбекова жана анын мүчөлөрү аймактык адвокаттары менен жолугушуп, пикир алмашуулар болуп өттү. Андан соң Талас облустук сотунун төрайымы К.Д.Калиева, төрайымынын орун басары Токтосун у. Каныбек, Талас шаарынын мэри А.Ж.Джусупбеков, Талас облустук Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн ыйгарым өкүлү М.М.Мураталиев менен жолугушуулар болду. Аймактык Адвокатура жана адвокаттык ишмердүүлүк боюнча суроолор талкууланды. Жемиштүү пикир алмашуунун натыйжасында келечекте мындан ары дагы кызматташуу боюнча макулдашуулар болду.