"Коопсуз балалык" форуму: балдардын укугун коргоо үчүн күчтөрдү бириктирүү

2025-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында «Коопсуз балалык» форуму өттү, ал «Балдарды коргоо лигасы» коомдук фондусу, «Биздин Айымдар» коомдук уюму жана Кыргызстан волонтерлор союзу тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Башкы прокуратуранын, министрлер кабинетинин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, кризистик борборлордун, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы форумда балдарды укуктук коргоону күчөтүү боюнча өзүнүн позициясын жана демилгелерин сунуштады. Адвокаттар кеңешинин төрайымынын орун басары Джаманкулова Асель Анаркановна өз сөзүндө балдарга карата зомбулук – бул коомдун бардык институттарынын күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылган чакырык экендигин баса белгиледи, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы балдардын укуктарын коргоону жакшыртуу боюнча чара катары юстициянын балдар боюнча адвокаттарды милдеттүү түрдө сертификациялоо, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу менен балдар үчүн юстиция боюнча адвокаттардын адистешүүсүн киргизип жаткандыгын баса белгиледи.

 

Форумдун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, адвокатуранын, кризистик борборлордун жана кесиптик коомчулуктардын өкүлдөрү учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүү үчүн конкреттүү кадамдарды сунушташты. Маанилүү темалар:

 

• Айыпталуучулардын кысымынан жана коркутууларынан балдарды жетишсиз коргоо.

• Региондордо юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү чектелгендик.

• Жазык сот өндүрүшүндө балдардын укуктарын коргоого комплекстүү мамиленин жоктугу.

 

Форумдун жыйынтыгында мыйзамдарды өркүндөтүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы балдардын укуктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга активдүү катышууга, ошондой эле адвокаттар жана юристтер үчүн билим берүү программаларын демилгелөөгө өзүнүн даярдыгын тастыктады. Биргелешкен аракет менен гана биз ар бир бала үчүн коопсуз балалыкты түзө алабыз

 

Адвокатуранын жаңылыктарын биздин веб-сайттан жана социалдык тармактардан көрүңүз!