Кыргызча
Русский
2023-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кенешинин сот тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ІІ-жыйыны өттү.
2023-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кенешинин сот тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ІІ-жыйыны өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Кеңешинин төрагасы Райымкулов Билим Сардалбекович жана Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту, Кыргыз Республикасынын сотуна караштуу СОТ Жогорку департаментинин, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун өкүлдөрү жана Мониторинг жүргүзгөн көз карандысыз эксперттер, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышкан.
Жыйындын максаты сот реформасынын алкагында жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралардын натыйжалуулугу, сот системасы коррупцияны оздуктай алдыбы, сот системасы коррупция менен качан эффективдүү күрөшө алат жана соттук отурумдарда жүргүзүлгөн байкоо иштеринин жыйынтыгын талкуулап, жыйындын катышуучуларынын тарабынан берилген сунуштарды эске алуу менен резолюция кабыл алынып Кыргыз Республикасынын Президентине жана тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет.
Жыйындын күн тартибине ылайык Райымкулов Билим Сардалбекович баяндамасы менен чыгып, адвокаттардын коррупция менен күрөшүүдө кошкон салымын, жалпы сот системасындагы азыркы абалды баяндап, Фемида таразасы бир жагына ооп оң чечилсе, экинчи тарап сөзсүз нааразы болот. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесине ылайык эч кимдин иш боюнча судьядан отчёт талап кылууга укугу жок, жана сот ишмердүүлүгүнө кийилишүүсүнө болбойт деген нормаларын унутпай, сот ишмердүүлүгүнө позитивдүү көз караш менен карап, ынтымакта, достукта иш-аракет кылууга жалпы жыйында үндөдү жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Кеңешинин төрагасы Райымкулов Билим Сардалбекович коррупцияга каршы аракеттенүү багытындагы сунуштарын берди.