2022 жылдын 16 сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында конференция өттү.

 

2022-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында юридика илимдеринин доктору Ч.И.Арабаев тарабынан уюштурулган “Элдик Курултай-коомдук окуучулук жыйын” деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга ар кыл илимий тармактардан окумуштуулар, профессорлор, илимдердин докторлору жана кандидаттары катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Кеңешинин төрагасы Райымкулов Билим Сардалбекович да чакырылган. Бул темада илимпоздор баяндама жасап, “Курултай” сөзүнүн маанисине сыпаттама жана кеңири түшүнүк беришти.

Соңунда профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич жалпы катышуучуларга жана келген конокторго ыраазычылык билдирип, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн баштап демократиянын өнүгүшү үчүн күрөшүп келгендигин өз атынан кошумчалады.

Анткени, эзелтеден кыргыз эли демократиянын негизги принцибине бекем карманып, улуу ата-бабаларыбыз элдик жыйын – Курултай аркылуу өз элинин бардык суроолорун, көйгөйлөрүн жалпы талкууда чечип келишкен. Кыргызстан эгемендик алгандан бери Курултай кыргыз элинин салты катары сакталып, бирок конкреттүү укуктук статуска ээ болбой, кызуу талкуунун темасына айланды. Статус деген эмне? – Статусу: 1. Укук, 2. Милдет, 3. Жоопкерчилик. Биз укук жөнүндө көп айтабыз, бирок милдеттерди, жоопкерчиликти унутуп калабыз.

Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин 2022-жылдын 15-августундагы №248 “Элдик Курултайдын чогулушу жөнүндө” Жарлыгына байланыштуу учурда Кыргызстанда бул иш-чарага кеңири даярдыктар жүрүп жатат. Республика боюнча консультациялык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми сөзүнүн аягында Курултайга делегаттарды жергиликтүү округдардан карапайым эл шайлай ала турганын кошумчалады. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик кызматкерлери делегаттыкка өз талапкерлигин көрсөтүүгө укугу жок экенин белгиледи.

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

16 сентября 2022 года в Национальной академии наук Кыргызской Республик состоялась Научно-практическая конференция на тему: «Элдик Курултай - коомдук окулчулуктуу жыйын», организованный доктором юридических наук Арабаевым Ч.И.

            В конференции приняли  участи ученые, профессоры, доктора и кандидаты наук из разной научной сферы. На мероприятие также был приглашен Председатель Совета адвокатов Адвокатуры Кыргызской Республики Райымкулов Билим Сардалбекович. По данной теме с докладами выступили ученые, давая характеристику и обширное понятие к значению слова «Курултай».

            В завершении профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич поблагодарил всех участников и гостей  и от себя добавил, что Кыргызстан со дня приобретение своей независимости, стремилась к пути развитию демократии. Потому как, испокон веков кыргызский народ  всегда придерживался основного принципа демократии и наши прадеды  применяли народное собрание - Курултай, где на всеобщем обсуждении решали все вопросы и проблемы своего народа. С момента приобретения независимости Кыргызстана, Курултай стал темой горячего обсуждения, оставаясь как традицией кыргызского народа, но при этом не приобретая определенного правового статуса. Что такое статус? – Статус это: 1. Право, 2. Обязанность,  3.Ответственность. Мы много говорим о праве, но забываем об обязанности и ответственности.   В связи с Указом Президента Жапарова Садыра Нургожоевича за № 248 от 15 августа 2022 года «О собрании Народного Курултая», теперь по Кыргызстану идет полномасштабная подготовка к данному мероприятию. Ведутся консультативно-разъяснительные работы по всей стране. И в заключении добавил, что делегаты на Курултай могут избираться простой народ из своих местных округов. Также отметил что, все государственные служащие Кыргызской Республики не имеют право выдвигать свои кандидатуры в делегаты.