Маалымат

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы кесиптешибиз, адвокат Эргешов Дилмурат Пирматовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Дилмурат Пирматович 1959-жылдын 18-мартында туулган. Ал 2015-жылдын 2-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү болуп келген.

Биз Дилмурат Пирматовичти Кыргыз Республикасында адилеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошкон адвокаттык коомчулуктун татыктуу өкүлү катары эскеребиз.

Эргешов Дилмурат Пирматовичтин жаркын элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат.  

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.