Урматтуу адвокаттар!

Сиздерди 14-июль – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы  күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

 

2014-жылдын 14-июлунда “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, ошондон бери ушул күн  Адвокатура күнү катары белгиленип келет. 

 

Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти  өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.

 

Адвокаттык иш – жогорку кесипкөйлүктү, жоопкерчиликти жана тайманбас эмгекти талап кылган жооптуу иш. Ар бир сот жараянында, ар бир укуктук талашта сиздердин эмгегиңиздер – адилеттүүлүктүн таянычы, жарандык коомдун бекем негизи болуп эсептелет.

 

Ушул майрам күнү сиздерге бекем ден соолук, кесиптик ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана адилеттүүлүк жолундагы ишиңиздерге өрнөктүү бийиктиктерди каалайбыз!

 

Сиздерди урматтоо менен, 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.