Маалымат
Primary tabs
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы кесиптешибиз, адвокат Маматбеков Канат Эркинбековичтин дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен кабыл алды.
Канат Эркинбекович 1968-жылдын 15-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Ал 2015-жылдын 18-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү болуп, өз кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
Маматбеков Канат Эркинбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана жалпы юридикалык коомчулук үчүн орду толгус жоготуу болду.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, сабыр тилейт.
Кесиптешибиздин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.