Маалымат

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы терең кайгыруу менен кесиптешибиз, Сабельникова Людмила Николаевнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын маалымдайт.

Людмила Николаевна 1967-жылдын 29-декабрында туулуп, 2015-жылдын 2-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү болгон.

Ал өз кесибине берилген, жогорку кесипкөйлүккө ээ адвокат эле. Анын кесиптик ишмердүүлүгү жана адамдык сапаттары кесиптештери үчүн үлгү болгон.

Сабельникова Людмила Николаевнанын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.   Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана Людмила Николаевнаны тааныган адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул бүткүл юридикалык коомчулук үчүн орду толгус жоготуу болду. 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.