Маалымат

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Жалал-Абад аймактык адвокатурасынын адвокаты Долонбаев Мамасабыр Байгазиевич дүйнөдөн кайтты.

Мамасабыр Байгазиевич 1957-жылдын 1-июлунда туулган. Ал Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү катары 2015-жылдын 11-мартынан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

Өзүнүн кесиптик ишинде Мамасабыр Байгазиевич көптөгөн жарандарга юридикалык жардам көрсөтүп, акыйкаттуулуктун орношуна чоң салым кошкон.

Долонбаев Мамасабыр Байгазиевичтин дүйнөдөн кайткандыгы — Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана жалпы юридикалык коомчулук үчүн орду толгус жоготуу болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Кесиптешибиздин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши.