Кыргызча
Русский
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын IV кезектеги Съезди тууралуу маалымат
Primary tabs
2025-жылдын 17-майында саат 10:00дө, Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 21/2 дарегинде Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын IV кезектеги Съезди өтөт. Делегаттарды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.
Бул съезд — Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жогорку коллегиалдуу органы болуп саналат жана анын негизги максаты — адвокатуранын өз алдынчалыгын, кесиптик этиканы, ички уюштуруу түзүмүн жана башкаруу системасын бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
Съезддин ишине Кыргыз Республикасынын бардык аймактык адвокатуралар тарабынан шайланып, расмий бекитилген делегаттар катышат. Съездде кабыл ала турган чечимдер адвокаттык коомчулуктун жогорку деңгээлдеги уюшкандыгын жана биримдигин тастыктайт.
Күн тартиби:
1. 2024-жылдын февралынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта жүргүзүлгөн иштер боюнча Адвокаттар кеңешинин отчетун бекитүү;
2. Этика боюнча комиссиянын аткарган иштери тууралуу маалыматы жана 2024-жылдагы тартиптик практиканын анализи боюнча презентациясы;
3. 2024-жыл үчүн текшерүү комиссиясынын отчетун бекитүү;
4. Адвокатуранын уставын бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү чечимин кабыл алуу;
5. Адвокаттардын кесиптик этикасынын кодексин бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү чечимин кабыл алуу;
6. Этика боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү чечимин кабыл алуу;
7. Мүчөлүк төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо жана аларды төлөө тартибин бекитүү;
8. Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнө, этика комиссиясынын жана текшерүү комиссиясынын адвокат-мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акынын өлчөмүн аныктоо;
9. Адвокаттар кеңешинин төрагасына төлөнүүчү сый акынын өлчөмүн аныктоо;
10. Башка маселелер.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставынын 5.2.7-пунктуна ылайык, Съездде делегаттардын өкүлчүлүгү ар бир аймактык адвокатуранын катталган адвокаттарыныц санынан, бирок 10 адамдан кем эмес 10% дык ченем боюнча аныкталат. Адвокаттардын съездине катышуу жана тигил же бул чечим үчүн добуш берүү укугу башка адамга берилиши мүмкүн эмес. Съездке аймактык адвокатуралар тарабынан шайланган делегарттар гана катыша алат.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттарынын Кезектеги IV Съездине тиешелүү документтер менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.
Тиркеме: https://advokatura.kg/ky/documents/informacionnye-dokumenty
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши.