Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Кеңешинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилигинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү
Primary tabs
2025-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имаратында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Кеңешинин мүчөлөрү менен Башкы прокуратуранын жетекчилигинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Адилбековна Бегилерова, төрайымдын орун басары Асель Анаркановна Джаманкулова, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Узгенович Каимов , ошондой эле Башкы прокуратуранын негизги башкармалыктарынын жетекчилери — Эрмамат Кыргызбаевич Кыргызбаев, Эльнура Маратовна Маратова жана Эмиль Джекшембекович Чамбаев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адвокаттык ишмердүүлүккө заманбап санариптик чечимдерди жана натыйжалуу башкаруу механизмдерин киргизүү маселелерин талкуулашты. Адвокаттардын эмгек шарттарын оптималдаштырууга, кесиптик стандарттарды жогорулатууга жана жарандарга юридикалык жардамды сапаттуу жана жеткиликтүү кылууга багытталган сунуштар айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борбору, Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын Юридикалык академиясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун адилет мектеби менен кызматташуу тууралуу меморандумдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар укуктук чөйрөдөгү адистердин квалификациясын системалуу түрдө жогорулатып туруу маанилүүлүгүн белгилешип, биргелешкен окуу иш-чараларын — семинарларды, тегерек столдорду жана тажрыйба алмашуу программаларын өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуу конструктивдүү диалог шартында өттү. Тараптар мындан ары да кызматташууну улантууга жана Кыргыз Республикасынын укуктук тутумун өркүндөтүү максатында институционалдык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар экендиктерин тастыкташты.