Урматтуу адвокаттар!
Primary tabs
Submitted by Для доступа к ф... on 11.03.2025 - 13:13
2025-жылдын 10-мартында 49 жаш курагында адвокат Исабекова Айгуль Касымбековнанын дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Айгуль Касымбековна жогорку квалификациялуу адис, чынчыл жана өз кесибине берилген адам болгон. Өзүнүн ишмердүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасында олуттуу из калтырып, өзүнүн кесипкөйлүгү жана принципиалдуулугу үчүн кесиптештеринин жана кардарларынын урмат-сыйына ээ болду.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы Айгуль Исабекованын жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине чын жүрөктөн көңүл айтат.
Айгуль Исабекованын жаркын элеси анын менен иштешкен бардык адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.