Урматтуу адвокаттар!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттары терең кайгыруу менен, кесиптешибиз адвокат Барузова Зарипа Турсуновна  2025-жылдын 5-мартында дүйнөдөн кайтканын оор кабыл алды.

25-февраль 2005-жылы Барузова Зарипа Турсуновна Юстиция Министирлигинен адвокаттык иш жөнүндөгү лицензиясын алган, 26-январь 2015 – жылы Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө болуп кабыл алынган. Ал катышкан иштери боюнча,  кардарлардын жана кесиптештеринин жүрөгүндө өчпөс из калтырды.

Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына, кесиптештерге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Барузова Зарипа Турсуновнанын элесин жүрөгүбүздө жана ишибизде сактайбыз.

 

Кыргыз Республикасынын АдвокатурасынынесР

адвокаттар кеңеши