2025-жылдын 1-мартында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын 100 жылдык маарекеси белгиленди.
Бул дата – Кыргыз Адвокатурасынын улуттук укук коргоо системасындагы маанилүү тарыхый күнү.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы Кара-Кыргыз автономиялык Революциялык комитетинин №45 токтомунун негизинде 1925-жылдын 1-март түзүлгөн. Ошол жылдан бери укук коргоо ишинде эбегейсиз мааниге ээ болуп, улуттук мыйзамдуулукту бекемдөөдө жана коомчулуктун укук коргоо чөйрөсүндөгү түшүнүгүн арттырууда маанилүү орунду ээледи.
Бул 100 жылдык маарекени белгилөө биздин өлкөнүн укук коргоо системасынын келечегине болгон ишенимди күчөтүп, адвокатуранын ишин дагы да жакшыртуу үчүн жаңы кадамдарга түрткү берет.
Аталган иш-чара адвокаттардын ишин баалоонун жана жоопкерчиликтүү кызматты татыктуу улантуунун мааракеси болмокчу.