Урматтуу адвокаттар!

2025-жылдын 22-январында Татьяна Ивановна Чильникина бул дүйнөдөн кайтты. Татьяна Ивановна өз ишин мыкты билген, бир нече жолу жарандардын жана уюмдардын кызыкчылыктарын коргогон. Анын кесипкөйлүүлүгү, берилгендиги жана адамгерчилиги биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Татьяна чынчыл жана адептүү жашоо образы менен айырмаланып, өзүн активдүү, чынчыл адвокат катары көрсөтүп, жалпы урмат-сыйга ээ болгон. Кесиптештери анын жогорку кесипкөйлүгүн белгилешсе, үй-бүлөсүндө ал мээримдүүлүгү жана чексиз чыдамкайлыгы үчүн бааланган. Татьяна Ивановна Чильникинанын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт.

 Татьяна Ивановна Чильникина менен коштошуу аземи 24-январда саат 11:00 белгиленди. Дареги:  храм Святого Равноапостольного Великого князя Владимира (12-мкр. 52/4)