Чуй облустук Адвокатурасы боюнча маалымат.

Чуй облустук Адвокатурасынын мурунку төрайымы А.Т.Ниязалиевага карата этика боюнча комиссия лицензиясын токтотуу боюнча чечим кабыл алгандыктан,  А.Т.Ниязалиева көптөгөн мыйзамдарды бузуп, анын Чуй облустук Адвокатурасынын төрайымы болуу боюнча ага ишеним каты Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан артка тартылгандыктан, Чуй облустук Адвокатурасынын адвокаттары жалпы чогулуш өткөрүп жаңы төрага/айым бекитилгенге чейин, убактылуу төрайым болуп - Чуй облустук Адвокатурасынын башкармасынын мүчөсү, адвокат Нурдинова Шаарбүбү Балиловна бекитилди, тийешелүү ишеним кат берилди.
 
А.Т.Ниязалиева баардык Чуй облустук адвокатурасына тийешелүү документтерди жана буюмдарды, өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы менен, Нурдинова Шаарбүбү Балиловнага өткөрүп берүү керек.

Чуй облустук Адвокатурасынын башкармасынын баардык мүчөлөрү жана убактылуу Чуй облустук Адвокатурасынын төрайымы Нурдинова Шаарбүбү Балиловна, 2024 ж. 30 декабрына чейин, Чуй облустук Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушун, милдеттүү түрдө өткөрүү керек.
 
Чуй облустук Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейин, Аймактык адвокатуранын башкармалыгынын отчёттору бекитилип, Кыргыз Республикалык Адвокатурасына Чуй облустук Адвокатурасы тарабынан карыздар жабылганга чейин, Чуй облустук Адвокатурасынын адвокаттарынын мүчөлүк акылары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын банк эсебине төлөнүү керек.  

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын
Адвокаттар кеңеши.