- English
- Кыргызча
- Русский
Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Интеллектуалдык менчик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.
2024-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасында, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин Төрайымы М.А.Бегилерова, Төрайымдын орун басары А.А.Джаманкулова, Адвокаттар кеңешинин мүчөсү А.А.Кадырова, Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Интеллектуалдык менчик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Делегациянын мүчөлөрү, Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Интеллектуалдык менчик башкармалыгынын административдик кеңсесинин директорунун орун басары – Го Ляньчэн, Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Интеллектуалдык менчикти коргоо борбору – Ван На жана Пекин адвокаттык конторасынын укуктар боюнча бизнес өнөктөшү (Сянь) Хаотянь – Пань Жуй.
Жолугушуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саммитинин тийиштүү талаптарын ишке ашыруу жана чет өлкөлүк иш алмашууларды чыңдоо жана эл аралык иштер боюнча кызматташууну бекемдөө максатында өттү.