- English
- Кыргызча
- Русский
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, "Медикал Ассистанс Групп" жана «Лаборатория Номер Один» медициналык мекемелери менен меморандум түзүлдү.
Урматтуу адвокаттар!
Сонун кабар!
Белгилүү болгондой, көптөгөн мамлекеттик органдардын кызматкерлери медициналык жардам ала турган өздөрүнүн мекемелери бар.
Тилекке каршы, адвокаттардын мындай мүмкүнчүлүктөрү жок эле, ушул убакка чейин.
Эми, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, "Медикал Ассистанс Групп" жана «Лаборатория Номер Один» медициналык мекемелери менен түзүлгөн меморандумдун алкагында, бардык жигердүү адвокаттар (карызы жок болгон), ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү, бардык медициналык кызматтарга 20% арзандатуу ала алышат (Адвокатурадан берилген тизме боюнча). Ошондуктан, адвокаттар, үй-бүлө мүчөлөрүн тизмеге кошуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына арыз менен, үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкатты тиркеп, кайрылуу керек.
Октябрь айынын ичинде белгиленген тизме түзүлөт, андан кийин түзүлгөн тизме медициналык клиникага жөнөтүлөт, андан соң, адвокаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, адвокаттык/өздүк күбөлүгтөрүн көрсөткөндөн кийин, бардык кызматтарына 20% арзандатуу ала алышат.
Суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына 0312352997 / 0502243577 телефондору аркылуу кайрылсаңыз болот.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын
Адвокаттар Кеңеши