- English
- Кыргызча
- Русский
КРнын адвокатынын күбөлүгү боюнча маалымат.
Урматтуу адвокаттар, эске салабыз, “КРнын адвокатынын күбөлүгү боюнча жобосуна” ылайык маалымат.
1. Күбөлүктү алмаштыруу үчүн – 3х4 сүрөт ала келишиңиздер керек, фону көк, классикалык кийимде болушу зарыл. Күбөлүктү алмаштыруу, жоголгону боюнча кайрадан алуу жана экинчи ирет жоголгону боюнча кайрадан күбөлүктү алуу, жободогу төлөмдөргө ылайык жүргүзүлөт.
2. Күбөлүктүн ички бетин толугу менен алмаштыруу учурдагы төрайымдын колу менен алмаштырылат, ал эми күбөлүктүн мөөнөтүн узартуу кийинки эки жылга катар, аймактык адвокатуранын төрагалары же төрайымдары узартып бере алат.
3. Адвокаттын өзүнүн жеке катышуусуз, же ишеним катсыз, жардамчылар же башкалар аркылуу, күбөлүктү алмаштыруу/узартуу же кандайдыр-бир маалымкаттарды берүү, КРнын Адвокатурасы тарабынан жүргүзүлбөйт, анткени алдамчылык кылган фактылар көбөйүүдө.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар Кеңеши