Ош областынын Адвокатурасынын жана Чүй областынын Адвокатурасынын, жалпы чогулуштарын өткөрүү боюнча убактысы, күнү жана күн тартиби

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мыйзамына жана Уставына, аймактык адвокатуралардын жобосун ылайык келтирүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин чечими менен, Ош областынын Адвокатурасынын жана Чүй областынын Адвокатурасынын, жалпы чогулуштарын өткөрүү боюнча убактысы, күнү жана күн тартиби,  Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин, 2024 ж. 01 августта кабыл алынган чечими менен бекитилди.

          Чүй областынын Адвокатурасынын жалпы чогулуштун өткөрүү күнү  – 14 сентябрь 2024 ж. болуп коюлду.

          Ош областынын Адвокатурасынын жалпы чогулуштун өткөрүү күнү  – 21 сентябрь 2024 ж. болуп коюлду.

          Көрсөтүлгөн аймактык адвокатуралардын тийешелүү адвокаттары, уйуштуруучу комитетине киришсин жана төмөнкү күн тартиби бекитилсин.

  1. Аймактык адвокатуранын башкармалыгынын отчётторун бекитүү;
  2. Аймактык адвокатуранын төрагасын, анын орун басарын жана башкармалык мүчөлөрүн шайлоо;
  3. Мыйзамга жана уставга, адвокаттардын жалпы чогулушунда, аймактык адвокатурасынын жобосун кабыл алуу.

 

Уюштуруучу комитетинин мүчөсү болууну каалагандар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын аппаратына, 0312352997 жана 0502243577 номерлерине байланышыңыздар.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын

Адвокаттар кенеши