Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын спорттук жетишкендиктери Юбилейлик иш-чарада

Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын спорттук жетишкендиктери Юбилейлик иш-чарада

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, борбордук мамлекеттик архивде сакталган маалыматтардын негизинде Кыргыз адвокатурасы Кара-Кыргыз автономиялуу областы РСФСР курамында түптөлгөн кундөн баштап түзүлгөн деп эсептелинет. Биринчи жактоочулар коллегиясы Кара-Кыргыз автономилялык Революциялык комитеттинин №45 токтомунун негизинде 1-март 1925 жылы түзүлгөн, Президиумдун олтурумунун төрагасы Т.Айдаралиев кол койгон деп көргөзүлгөн. Андыктан үстүбүздөгү 2025 - жылы Кыргыз Республикасыны Адвокатурасы (Биринчи жактоочулар коллегиясы) өзүнуүн негизделгендигинин 100 жылдыгын жана быйыл 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Адвокатураснын түптөлгөнүнүн 10-жылдыгын белгилеп жаткандыгын билдиребиз.  Мына ушуга байланыштуу биз Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын арасында 2024-жылы 13-июлунда спорттук иш-чараларды өткөрдү.

Спорттук иш-чаралар,  волейбол боюнча айымдар арасында, футбол боюнча эркектер арасында баардык аймактык Адвокатураларды катышуусунда болуп өткөн турнирдин жыйынтыктары:

Волейбол:
1-орун - Бишкек шаардык аймактык Адвокатурасынын  курама командасы.
2-орун - Ош шаардык аймактык Адвокатурасынын курама командасы.
3-орун - Жалал Абад облусунун аймактык Адвокатурасынын курама командасы алды.

Футбол:
1-орун - Чүй облусунун аймактык Адвокатурасынын курама командасы.
2-орун - Жалал-Абад облусунун аймактык Адвокатурасынын курама командасы.
3-орун - Бишкек шаардык аймактык Адвокатурасынын  курама командасы  алды.

Шахмат - Талас аймактык Адвокатурасынын адвокатты Уланбек уулу Бексултан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын кубогун алды.

Урматтуу адвокаттар, Сиздерди Кыргыз адвокатурасы Кара-Кыргыз автономиялуу областы РСФСР курамында түптөлгөн кундөн баштап түзүлгөн биринчи жактоочулар коллегиясынын 100-жылдыгы менен жана быйыл 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Адвокатураснын түптөлгөнүнүн 10-жылдыгы менен куттуктайбыз!

Сиздерге, бекем ден-соолук, үй-бүлөөнүздөргө тынчтык, ишиңиздердеги ийгилик, профессионалдык өсүүнү каалайбыз!

Терең урматоо менен,
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.