Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын делегациясы Шанхай шаарында өтүп жаткан ШКУнун укуктук кызмат көрсөтүү форумуна катышууда.

Изображение: 

2026-жылдын 29–30-октябрында Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун экономика жана соода чөйрөсүндөгү укуктук кызмат көрсөтүүлөр боюнча 2026-жылкы форуму өтүүдө. Форум Шанхай саясий-укуктук университетинин алдындагы ШКУ үчүн эл аралык юридикалык даярдоо жана кызматташтык борбору тарабынан уюштурулган. Анын ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин юридикалык коомчулугунун, мамлекеттик органдарынын, илимий чөйрөлөрүнүн жана ишкердик бирикмелеринин өкүлдөрү катышууда.

Форумда Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын делегациясы катышууда.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Уюштуруучуларга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, ШКУга мүчө мамлекеттердин адвокаттык коомчулуктарынын өз ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Экономикалык байланыштар кеңейип жаткан шартта жарандарга жана ишкерлерге сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн мындай кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымынын орун басары Джаманкулова Асель Анаркановна форумда «ШКУнун алкагында экономикалык жана соода кызматташтыгын укуктук жөнгө салуунун жаңы тенденциялары» деген темада баяндама жасады. Баяндамада уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын укуктук базасындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле инвесторлордун жана ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо адвокатуранын ролу, трансчек аралык талаш-тартыштарды чечүү маселелери жана Кыргыз Республикасында Адвокатураны реформалоо тажрыйбасы чагылдырылды.

Форумдун иши 30-октябрга чейин уланат. Бул күндөрү делегациянын мүчөлөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин кесиптештери менен жолугушууларды өткөрүп, укуктук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жарандардын укуктарын коргоо жана ишкердик кызматташтыкты колдоо максатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууда.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.