Кыргызча
Русский
БАТКЕН ОБЛУСУНУН АДВОКАТТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУ ӨТӨТ
Primary tabs

2026-жылдын 29-ноябрында саат 09:00дө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын «Баткен облусунун Адвокатурасы» филиалынын адвокаттарынын жалпы чогулушу өткөрүлөт.
Өткөрүлүүчү жери: Баткен аймактык адвокатурасы
Дареги: Баткен шаары, Курманжан Датка көчөсү, 153/1
Жалпы чогулуштун күн тартибинде:
1. аймактык адвокатуранын башкармалыгынын отчетун угуу жана бекитүү;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставында, Типтүү жободо жана аймактык адвокатура жөнүндө жободо белгиленген жалпы чогулуштун компетенциясына кирген маселелерди кароо;
3. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Съездине делегаттарды шайлоо.
Күнү: 29-ноябрь 2026-жыл
Убактысы: 09:00
Телефондор: +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77
E-mail: info@advokatura.kg
Сайт: www.advokatura.kg
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
