2026-жылдын 11-сентябрында Ташкент шаарында «Адвокаттык коомдоштуктун макамын бекемдөө маселелери: түрк мамлекеттеринин тажрыйбасы» аттуу тегерек стол өттү.

Изображение: 

2026-жылдын 11-сентябрында Ташкент шаарында «Адвокаттык коомдоштуктун макамын бекемдөө маселелери: түрк мамлекеттеринин тажрыйбасы» аттуу тегерек стол өттү. 
Иш-чара түрк мамлекеттеринин адвокаттык коомдоштуктарынын өкүлдөрүн бир аянтчага бириктирип, тажрыйба алмашууга жана кесиптик кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 

Жолугушуунун алкагында Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын адвокаттык коомдоштуктарынын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, адвокатуранын учурдагы өнүгүүсү жана келечектеги кызматташтык багыттарын талкуулашты. 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын заманбап реформалары жана өнүгүүнүн жаңы багыттары» темасында баяндама жасап, өлкөдөгү адвокатуранын өнүгүүсү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана эл аралык кесиптик кызматташтыктын мааниси тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын уландысы катары түрк мамлекеттеринин адвокаттык коомдоштуктарынын өкүлдөрү арасында футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Кыргызстанды мелдеште эки команда — Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын курама командасы жана Ош шаарынын ышкыбоздор командасы — тааныштырды. Ошондой эле Казакстан менен Өзбекстандан экиден команда, Азербайжандан бир команда катышты.

Турнирдин жыйынтыгында:

 I орун — Казакстан
 II орун — Кыргызстан
 III орун — Өзбекстан

Бул жолугушуу кесиптик тажрыйба алмашуу менен гана чектелбестен, түрк мамлекеттеринин адвокаттык коомдоштуктарынын ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө да өбөлгө түздү.

Кыргызстандын командасын татыктуу оюн көрсөтүп, II орунду ээлеши менен куттуктайбыз!