Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Изображение: 

Урматтуу мекендештер, кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын атынан сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

31-август — элибиздин эркиндигин, биримдигин жана өз тагдырын өзү аныктоо укугун даңазалаган өзгөчө маанилүү күн.

Эгемендүү Кыргызстаныбыз мындан ары да өнүгүп-өсүп, мамлекетибизде мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана адам укуктарынын үстөмдүгү бекемделе берсин.

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Адвокаттык ишмердигиңиздер адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү чыңдоого мындан ары да татыктуу салым кошо берсин.

Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен, урматтуу кесиптештер! 
Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык, биримдик жана өсүп-өнүгүү болсун!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Адвокаттар кеңеши